Америкалык UFC мушкери Тони Фергюсон ушул жылдын май айында октагонго кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы америкалык мушкер UFC мелдешинде жаңы күрөштү алды. Ушул жылдын 15-майында ал 31 жаштагы Бенейл Дариуш менен беттешет. Беттеш UFC 262 номерленген мелдештин алкагында өтөт.
Фергюсон UFC'деги акыркы эки беттешинде жеңилүү ызасын тарткан. 2020-жылы 10-май күнү АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде ал Жастин Гейтжинин олуттуу соккуларына туруштук бере албай, техникалык нокаут менен жеңилип калган. Ошондой эле өткөн жылдын декабрь айында америкалык Чарльз Оливейрага утулуп калган. Бул анын Жастин Гейтжиден техникалык нокаут менен утулгандан кийинки алгачкы беттешке чыгышы болчу.