Бүгүн, 15-октябрда Украинанын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келет

Бүгүн, 15-октябрда Бишкекке Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасы, Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Украиналык министр президент Алмазбек Атамбаев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушат. Жолугушууда Кыргызстандын аталган эл аралык уюм менен кызматташуусу, өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал, 2015-жылы өтүүчү парламенттик жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого даярдыктар, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери талкууланмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан