Сокулук районунда баңгизат алып жүргөн жаран кармалды
Сокулук районунда баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 11-октябрь күнү саат 23:40 чамасында Сокулук районундагы "Малаводный" өткөрүү
бекетинде 36 жаштагы К.Б. башкарып бара жаткан Мерседес автоунаасы токтотулган. Унаанын
ичин текшерүү учурунда 9 килограмм 865 грамм баңгизат табылды. Айдоочу жана 35 жаштагы
жүргүнчү милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө иштери жүрүүдө.