Европадагы кырдаалдан кийин көптөгөн өлкөлөрдө колдонуу токтотулган AstraZeneca вакцинасы жаңы аталышка ээ болду. Ал Vaxzervia деп аталып калганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталышынын өзгөрүшү дары-дармектин башка параметрлеринин өзгөрүүсүнө алып келбейт. Бирок жаңы өнүмдүн маркалоо жана таңгагы ар башка болушу мүмкүн.
Аталган вакцинаны колдонууну токтоткон акыркы өлкө Канада болгон. Ал жерде мындан ары вакцина 55 жаштан жогору курактагы адамдарды эмдөө үчүн колдонулбайт.
Канадалык адистердин айтымында, AstraZeneca менен эмделген жарандарда тромбозго дуушар болуу ыктымалдыгы 100 миңден 1ге барабар. Мурда мындай таасир миллион учурдун биринде байкалган деп эсептелген.
Белгилей кетсек, вакцина алган бейтаптарда тромбоз аныкталгандан кийин Европанын бир катар өлкөлөрү AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтотуп, кээ бирлери тыюу салышкан. Ошол эле учурда вакцинанын жаратуучулары аны коопсуз деп эсептешет.