Пакистандын Пенжаб аймагынын дарыгерлери иш ташташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлери коронавируска каршы күрөшкөндөргө берилген коргоочу кийимдеринин сапаты начардыгын айтып чыгышкан.
"Акыркы сутка ичинде Пакистанда 100 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Мунун баары сапатсыз жабдуунун айынан", - деп билдирген жаш дарыгерлер ассоциациясынын Пенжабдагы жетекчиси Салман Хасиб Чодри.
Буга чейин Пакистандын Балужистан провинциясындагы медицина кызматкерлери да коргоочу кийимдер жетишисиз экенин айтып, нааразычылыгын билдиришкен. Акцияга чыккандарды полиция кармап, кайра бир нече сааттан кийин бошоткон.
Расмий маалыматтарга таянсак, вирусту жуктургандардын жалпы саны 13 миңге жетсе, алардын ичинен 269 адам көз жумган.