
Жаңы Зеландиянын медициналык кызматкерлери акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган бир дагы адам катталбаганын айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Сутка ичинде COVID-19ду жуктуруп алгандар катталган жок. Оору аныкталгандардын саны 1 миң 487 бойдон калды", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле акыркы суткаларда илдеттен көз жумган адамдар да катталган эмес. Жалпы көз жумгандардын саны 20, ал эми айыккандар 1 миң 276 адам.
Апрель айынын аягында өлкө боюнча киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн айрымдары алынган.