
Танзаниянын президенти
Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы тыгында кеминде 45 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 5 адамдын каза болгону айтылган. Маркум президент менен коштошуу зыйнаты Танзаниянын ири шаары Дар-эс-Саламдагы Ухуру стадионунда өткөн. Коштошуу зыйнатына келгендер стадионго кирүүгө аракет кылышкан. Бул чоң тыгынды жаратып, натыйжада 45 адам каза болуп, дагы 37 адам жаракат алышкан.
Магуфули 17-мартта 61 жашында Дар-Эс-Саламдагы ооруканада көз жумган. Вице-президент анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун айткан.