АКШнын мурунку лидери Дональд Трамп жубайы Мелания менен биргеликте өлкөнүн 45-президентинин сайтын өз тарапташтары үчүн ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
“Дональд Трамптын кеңсеси Трамптын администрациясынын улуу мурасын сактап калууга умтулуп, Америка биринчиликти жарнамалап жатат. Жарандык катышуу жана коомчулуктун катышуусу менен Дональд Трамптын кеңсеси Американын чыныгы улуу келечегин курууга умтулуп жатканда ар тараптуу америкалыктарга маалымат берүүгө, билим берүүгө жана шыктандырууга умтулат", - деп айтылат веб-сайттын башкы бетинде.
Белгиленгендей, портал адамдарга Дональд менен Мелания Трампка кат алышуу мүмкүнчүлүгүн берет, ал эми журналисттер жубайлардын иш-чараларынын графигин байкап же комментарий сурап турушат.
Буга чейин Трамптын өз платформасында социалдык медиага кайтып келери айтылган.