Кыргызстан менен Украинанын тышкы иштер министрлери кызматташуу программасына кол коюшту
КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 15-октябрда Украинанын тышкы иштер министри Леонид
Кожара менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматынын
билдиришинче, жолугушууда эки тараптык кызматташуунун азыркы абалы жана мындан
ары бекемдөө жолдору талкууланды. Мындан сырткары Борбордук Азия мамлекеттериндеги
жана Кыргызстандагы Европадагы
коопсуздук кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө токтолушту. Жолугушууда министрлер 2014-2015-жылдары кызматташуу программасына
кол коюшту.