Америкалык инженер жана ишкер Илон Маск ээлик кылган SpaceX'тин Starship транспорттук системасынын прототиби кийинки сыноо учурунда кыйрады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Март айынын башында Илон Масктын Starship SN10 онунчу өндүрүштүк космостук кемеси сыноо учурунда жерге ийгиликтүү конгондон кийин жарылып кеткен.