Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 20-апрелден 5-майга чейинки кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министрдин штабынын башчысына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Никол Пашиняндын кызматтан кайсы күнү кетери кийинчерээк белгилүү болот. Ошол эле учурда Пашинян өзү добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкмайынча премьер-министр кызматын аркалайт. "Бул саясий чыңалууну басаңдатуу жана өлкөнү туруктуу өнүгүү каналына кайтаруу куралы", - деген аппарат жетекчиси.
Ал бул чечим парламенттин жана республиканын айрым тутумдаш эмес партияларынын макулдугу менен кабыл алынгандыгын жана кайтарылгыс экендигин баса белгилеген.
Эске салсак, өлкөдө премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары 10-ноябрдан бери уланып келе жатат. Буга Пашинян Азербайжан жана Орусиянын президенттери менен бирге Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу жана багынып берүү жөнүндө үч тараптуу билдирүүгө кол койгону себеп болгон.