SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал Нарын облусунун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы мектептин абалы мышык ыйлагыдай экенин айткан.
"Биздин айылдагы мектепти 2014-жылы ноябрь айында комиссия авариялык абалда экендигин аныктаган. 2015-жылы 11-ноябрда Сейсмология институтунун корутундусу менен бул мектеп дагы авариялык абалда деп табылган. Ал эми 2018-жылы 7-мартта Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу менен иштеп жаткан мектептин аймагында, тактап айтканда спорт аянтчасында спорттук залы бар 150 орундуу жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынып, сынак процедураларынын жыйынтыгы боюнча курулуштун сметасы 59 миллион 239 миң 900 сом суммасында аныкталган. Курулуш тендеринин жеңүүчүсү ошол эле жылдын ноябрь айында курулушун баштаган, пайдубалын куруу иштери жүргүзүлгөн.
2019-жылы жумуштун сапаты дал келбегендиктен (пайдубалынан жаракалар табылган) курулуш иштери токтотулган. Анткени тийиштүү мамлекеттик техникалык көзөмөл органдары тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөй калган.
Ошентип 2021-жылдын март айына чейин окуучулар авариялык абалдагы мектептин имаратында окууга аргасыз болушкан.
Ал эми азыркы учурда окуучулардын, мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан, боз үй тигип жатабыз. Окуучулар каникулдан келсе, боз үйдө окуп башташат", - деп билдирди окурман.
Ошондой эле аталган мектеп 1971-жылы курулган. Мектеп курама жыгачтан курулуп, спорт залы жок. 6 окуу класстан турат. Учурда 160 окуучу окуйт, 20 мугалим, 6 техникалык кызматкер иштейт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.