Алмазбек Атамбаев Украинанын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жетекчиси жана Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожараны кабыл алды. Өлкө башчы Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусу бекемделип жатканын белгилеп өттү. “Биз үчүн ЕККУ менен болгон кызматташуу баалуу, Украинанын ийгиликтүү жетекчилик кыларына ишенебиз”,- деди ал. Мындан сырткары Украина менен Кыргызстандын саясий жана экономикалык кызматташуусу жана Кыргызстандагы келерки шайлоо процесстерин жакшыртуу үчүн жасалган бирдиктүү кадамдар талкууланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан