Швециялык экоактивист Грета Тунбергдин эстелиги Улуу Британиядагы Винчестер университетинин аймагында тургузулду. Бирок эстелик аталган мекеменин студенттеринин ачуусун келтирген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, студенттик кеңеш айкелге жумшалган 24 миң фунт стерлингди (болжол менен 2 миллион 800 миң сом) туура максатта коротсо болмок деген пикирде. Кеңештин төрагасы Меган Болл пандемиянын айынан көптөгөн студенттер сабактарга катыша албаганын баса белгилеген. Анын айтымында, окуулары онлайн режимде уланган студенттер колдоого муктаж болгон. "Биз университеттен студенттерге жардам көрсөтүү үчүн айкелге жумшалган сумманы бөлүп берүүнү талап кылабыз", - деди ал.
Билим берүү мекемесинин администрациясы эстеликти орнотууга студенттерди колдоо фондунун каражаты жумшалбаганын билдирген. Профессор Жой Картепал айкел университеттин жалпы жамаатын шыктандыруу үчүн тургузулганын кошумчалаган.
Эске салсак, климаттын өзгөрүшүнө каршы дүйнө лидерлерин чара көрүүгө чакырган 18 жаштагы активист "Келечек үчүн жума күндөрү", "Климат үчүн мектептеги иш таштоо" аттуу экологиялык кыймылдардын башында турат. Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттерде Тунбергдин кыймылын колдогон миңдеген окуучулар көчөгө чыгышкан.