SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 19 жаштагы тургуну кайрылып, "2010-жылдан бери бөлөлөрүм коркутуу, үркүтүү жолу менен зордуктап жүргөн" деп айтып берген. Андан кийин милиция аталган бала тосмо арыз жазганын айткан.
Тосмо арыз жазгандан кийин Чаткал районунда жергиликтүү тургундар арасында "акча алып, ишти бүтүрдү" деген сөздөр желдей тарап жатканын, учурда абалы оор бойдон калган жабырлануучу жигит редакцияга кайрадан кайрылып, буларды билдирди.
"Окуя канча жыл ичте сакталып, анан милицияга жазылган арыз эле. Мен түнт болуп чоңойдум. Эркек аттуудан коркуп, аларды көргөндө чочуп турар элем. Аларга караганда мага кыздар, аял кишилер жакын сезилчү. Себеби эркектер тийише бергендиктен дагы ушундай болдубу деп ойлоп кетем. Менин басканым, сүйлөгөнүм аял кишиге окшош. Аны моюнга алам. Себеби мен кичине кезимде бачабаздыкка кабылгандыктанбы деп ойлоп кетем. Болбосо мен кадимкидей эле чүкө ойноп, эркек балдар менен согушкан бала болчумун.
Оюмда мен арызды 20 жашка чыкканда жазам деп пландагам. Анткени ошол жашта өзүмдү күчтүү, ишенимдүү, өзүмдү коргой алчудай сезе берчүмүн. Бирок 19 жашка чыкканда эжем чакырып калып, Бишкектен Чаткалга бардым. Ошондо эле адамдар менин басканымды сүйлөгөнүмө түшүнө албай, ар кандай сөздөрдү чыгара башташты.
Бир күнү эле акыркы жолу мени зордуктаган бала келип сүйлөшүп келели, айылга келип калыпсың деп унаасына салып кетти. Эжем дагы бул окуя боюнча билбегендиктен сыр бербей, аны менен кетип калдым. Ал бала токой жакка алып барып, жаман ишин кылган соң кайра үйгө алып келип таштап койду. Дагы ызаландым, бул иш дагы да улана берерин түшүндүм.
Эсине келип, дароо милицияга арыз жазышыбыз керек экенин айтты. Мен милицияга арыз жазганыбызда аябай сүйүндүм. Мен эми күрөшөм деп чыңалдым, чындык бар деп ойлодум. Массалык маалымат каражаттарына маалымат чыккандан кийин Чаткалдын эли түк көтөрүлдү. Көптөр ишенген жок. Бул жерде мага карата жаман сөздөр айтылгандыктан кайра сындым. Ал арада ошол балдар тосмо арыз жазып бер деп да чыгышты. Уктабай жүрдүм, күндө үйдө ыйладым.
Ошол замат биздин үй-бүлөгө элдин көз карашы өзгөрүп, ата-апама чейин сөздөр айтылды. Мисалы, эжесинин карызы бар болгондон улам ушул ишти ойлоп таап, алардан акча алып кутулуптур дешти. Эжем 3 күн баш көтөрө албай ыйлады. Акыры бул иштин аягында бизди акча алды дешти. Эң эле жаман, айыл элин уятка калтырган, эч жерге баспас биз болуп чыга келдик. Кантип ушул иш үчүн акча алабыз? Бул бизге жабылган курулай жалган жалаа. Азыр эми ошол бөлөлөрүм жана кошунамдын баласы кылган иштерин моюнга албай, кайра мени жаманатты кылып жатышат. Алар коркутуп, эгер ишти борборго жөнөтсөң, сени башка дагы окуяларың тууралуу айтып чыгарабыз деп жатышат. Бирок мен алар кайсы ишим тууралуу айтышат билбейм. Айрымдары "биз Куран китеп кармап ак экенибизди, мунун баарын эжеси чыгарды" деп кимге ишенерин билбей жүргөн жергиликтүү тургундардын башын айлантып жатат. Себеби адамдар мени мурда эле өзү ушундай бала болгон деген сөздөрдү айтып жатышкан да. Аларды уккан сайын эмне кыларымды билбей жатам. Ошентип күрөштү токтоттум. Азыр оор депрессияда жүрөм. Кантип чыгышты дагы билбейм.
Каза болуп калган апамды ойлойм. Бирок элдин сөзү бизди жеп бүттү", - деп сөзүн токтотту мукактанган жабырлануучу.
Андан ары ал адам менен маекти улантуу мүмкүн болгон жок.
Ал ортодо жабырлануучу жигит сөз кылган эжеси кепке аралашып буларды айтты.
"Инимди депрессиядан арылтыш үчүн алаксытып жатам. Өзүм ашкана иштеткендиктен ошонун жумуштарына жардам берип жатат. Мен деле алдын алайын деп аракетимди көрүүдөмүн. Бирок кичинекей айылда жаман сөздөр ары-бери чыксаң эле угулуп жатканы жаман болду.
Адамдар оозубуз бар деп сүйлөй берет турбайбызбы. Инимдин апасы 2016-жылы каза болгондо анын үйү калган. Бирок документ аркылуу иниме өтө элек. Азыр өткөрүп жатабыз. Мени карыз болуп ошол үйдү дагы сатты деп күйдүрүштү. Ал үй сатылганы менен анын акчасын биз ала элекпиз. Анын акчасын алып, иниме шаардан үй же жер алып беришим керек. Себеби бул да жашаш керек да. Ушуну адамдар түшүнбөй койду", - деди ал.