Курман айт күнүнө карата Бишкекте өтүп жаткан адал азыктар жарманкеси саат 18:00дө аяктайт
Бүгүн, 15-октябрда Курман айт күнүнө карата Бишкектеги Спорт Ордосунда өтүп жаткан адал азык-түлүктөр жарманкеси саат 18:00дө жабылат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Жарманкеге азык-түлүк өндүргөн бир нече компаниялар катышып, суусундуктар, таттуулар, эт, ун, сүт азыктары базардагыдан арзан сатылууда.