Ырчы, "Жылаңач баатыр" реалити долбоорунун финалчысы Кудайберди Айтбосунов бийчи катары таанымал болгон Бакыт Макеевди жаакка чапты. Алардын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, бир катар суроолорду жаратты.
Мырзалардын ортосунда эмне болгонун билүү үчүн ырчы Кудайберди Айтбосуновго байланышканыбызда, экөө бири-бирин уруш талаасына чакырганын, жакында мушташ болорун айтты.
"Негизи эле бийчи бала менин дарегиме карата жаман пикирлерин айтып, мени аркы дүйнөгө алып барам деген сөздөрдү таратып жүрүптүр. Кечээ балдарды ээрчитип алып мен жүргөн ресторан жакка келиптир. Ошол жерден бир аз тартышып, анан видеодогудай иш болуп кетти. Жекеме-жекеге чыгабыз жакында", - деди ал.
Интернет колдонуучулар видеонун алдына Бакыт Макеевдин кезектеги хайпы деген пикирлерин калтырышууда.
Буга чейин Бакыт Макеев модель Аскат Осмонов менен беттешкен. Ага экөөнүн ортосундагы келишпестик себеп болуп, балдар рингде беттешүү чечимине келишкен.