Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар талаада сакталып турган жеринен табылды

Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылардын бекитилген жери табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн.

"Жашырылган жерден номерлери өчүрүлгөн жана гильзалары бар Калашников АК-47 автоматы табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн. Учурда УКМК табылып алынган куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан