Бирюлево районунда Орусия жаранынын өлүмүнөн кийин ички иштер органдары тарабынан мыйзамсыз жүргөн мигранттарды текшерүү иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу 15-октябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу Алмаз Букалаев билдирди. Ал Орусиянын түштүк административдик ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн айтты. Милиция бөлүмүнө 1 миңден ашуун адам жеткирилген. "Алардын ичинде 14 кыргызстандык жаран бар, биздин аракетибиз менен 8 жаран бошотулду. Калгандары Орусияда мыйзамсыз жүргөндүктөн ошол жерде калышты",- деди консул.
Эске салсак, Бирюлево районунда 13-октябрь күнү полиция кызматкерлери тарабынан баш аламандыкты уюштурган деп 380 адам кармалса, полициянын 6 кызматкери жана 11 катардагы жаран баш аламандыктан жаракат алган. Баш аламандык 10-октябрда Егор Щербаков аттуу жарандын сүйлөшкөн кызынын көзүнчө кавказ улутундагы белгисиз адам тарбынан бычакталганынан башталган. Жергиликтүү жаштар топтолуп жол тосушуп, аймакта массалык баш аламандык чыкты.