Кытайда жол кырсыгынан кыргыз студенти каза болду

Кытайда жол кырсыгынан кыргыз студенти каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кытайдагы университеттердин биринде окуган 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Б. аттуу студент болгон. Консулдук тактоо алкагында кырсыктын бардык жагдайын тактоо, ошондой эле Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

Алынган маалыматтарга караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Каза болгон жарандын туугандарына маркумдун сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүүдө, ошондой эле элчиликтин компетенциясынын чегинде башка зарыл жардам көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-03-31 17:41:12
Ыйманы саламат болсун! Жаман болуптур. Жакындарына сабр берсин кудайым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан