Украинанын тышкы иштер министрлиги салттуу украиналык борщту Юнесконун маданий мурастар тизмесине киргизүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Украинанын маданият жана маалымат саясаты министри Александр Ткаченко 30-март күнү кечинде өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазгандыгын чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, бул сунушту ашпозчу Евгений Клопотенко демилгелеген.
"Учурда Юнесконун өкүлчүлүктүү тизмесине киргизүү үчүн "Украиналык борщту жасоо маданияты" деген документ Парижге жөнөтүлүп жатат. Тезирээк ага жетишебиз деп үмүттөнөбүз. Бизде келечек бар", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ал "борщтун" орусчулугунун "негизинде манипуляция жасоо жетиштүү, анткени чындыкты өзгөртө албайсың. Борщь биздики" деп кошумчалады.
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги бул идеяга эл аралык деңгээлде дипломатиялык колдоо көрсөткөн.
2020-жылы Британиялык The Times басылмасы Орусия менен Украинанын ортосундагы борщ үчүн "ысык согуш" жөнүндө айткан. Бул кимдин улуттук тамагы экендиги боюнча талаш-тартыштар Киев тамакты Юнесконун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине украин деп киргизүү чечиминен кийин жаңы күч менен башталды. Бирок гезиттин окурмандары күтүлбөгөн жерден борщту поляк элиники деп таанууну сунушташкан.