Өз өлкөсүнүн жашыруун маалыматтарын орус офицерине сатууну көздөп жаткан Италиянын жараны кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Италиянын куралдуу күчтөрүнүн капитаны Орусиянын элчилигинде иштеген офицерге жашыруун маалыматтарды сатып жаткан учурда кармалган. Окуя 30-март күнү кечинде орун алган. Буга байланыштуу кармалган орус аскер адамы жана анын түздөн-түз жетекчиси өлкөдөн депортацияланат. Анткени дипломатиялык кызматкерлерди жоопко тартууга эл аралык келишимдер жол бербейт. Ал эми жашыруун маалыматтарды сатууга аракет кылган Италиянын куралдуу күчтөрүнүн капитаны камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Айрым басылмалардын жазганына ылайык, Италиянын аскер адамы жашыруун маалыматтарды орус офицерине 5 миң еврого сатууну каалаган. Анда Италиянын жана НАТО уюмунун куралдуу күчтөрүнө байланышкан маалыматтар болгон.