Абактагы орусиялык оппозиционер Алексей Навальный ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Навальныйдын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.
Маалыматка ылайык, ал дарыгер чакырылмайынча тамак ичпей турганын түшүндүргөн. "Дарыгерди чакырып, дары-дармек алууга укугум бар. Белдин оорушу бутка өттү. Оң жана азыр сол бутум сезгичтигин жоготту", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.
Учурда Алексей Навальный Орусиянын Владимир облусундагы колонияда. Жактоочусу Ольга Михайлова жергиликтүү басылмаларга анын ден соолугу начарлап кеткендигин билдирген.