Пакистандын президенти вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин COVID-19 илдетин жуктуруп алды

Пакистандын президенти Ариф Алви вакцинанын биринчи компоненти менен эмделгенден кийин коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Менден COVID-19 илдети аныкталды. Вакцинанын биринчи дозасын алгам, бирок антителолор экинчи дозадан кийин пайда болот, аны бир жумадан кийин алмакмын. Суранам, сак болуңуздар", - деп жазган ал.

Белгилүү болгондой, президент Кытайда жасалган "Синофарм" вакцинасы менен эмделген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан