"Мен эмне кылдым?". Ташиев аны сындаган Тажикстандын мурдагы министрине жооп кайтарды

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы боюнча айткандарына карата өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Мурдагы министр Зарифи "Ворухтун аймагы - Тажикстандын түбөлүктүү аймагы" деп жазган.
Ташиев ага жооп кайтарды.

"Тажикстандын бир аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгы боюнча жазган экен.

Мен эмне кылдым? Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавынын чечими боюнча сунуштарыбызды кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырдым, болду.

Анан эмне үчүн Хамрохон аксакал өтө жаман жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, же, менин өлкөмдүн кызыкчылыгын коргобогон алардын сунуштарына макул болбой койгондуктанбы? Кандай гана болбосун, мен бардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот!" - деп жазды ал.

"Мен эмне кылдым?". Ташиев аны сындаган Тажикстандын мурдагы министрине жооп кайтарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asmat84
2021-04-01 10:40:10
Азаматсың Ташиев
Чөгөлөбө бар бол тарыхта калуучу мыкты инсансың 30 жылдан бери чечилбей келген маселени чечүү оңой эмес.
-7
Kombi
2021-04-01 11:03:36
Аренда да турат деген жерди(документти) биротоло берди. Конечно тарыхта калат.
Кемпир абад. и др. 50 ж же бир куну олко эсептешип алар эле ошол аренда жерлерди.эми узб.менчиги болду
+11
bayern-munchen
2021-04-01 12:19:55
Kombi,ошого Ташиев куноолубу бирчиден берген Усубалиев куноолуу аны биздин олко герой кылып алышкан буга чейинки бийлик дагы ала алган эмес жоктон коро жогору за то биздин пайдабызга кобуроок чечилди кудайга шугур кылалы
-8
Kombi
2021-04-01 13:49:51
bayern-munchen, келечек алар ошол жерди кучтуу олко болуп калса, КР келечекте 2050ж. Ошондо жеринер жок бул жер менчик дейт. Аренда болчу кайрак жер берип алмаштык дейт
+11
Kombi
2021-04-01 13:44:15
СССР бер деген. Ал арендага берген. Бул менчикке бердиби?. Ошол жер сугат жер болчу(куруч). Эми Узб. эгет айдоону. Кайрак жерде мал кайтарабыз. 5-10 жылдан кийн узб.границага малын жакынбарса аны айдаганы сен барсан, сени кармап апкирип кетет.
+10
Azat-123
2021-04-01 14:46:27
Элдин көбү Ташиевти колдойт, башка атты жамынып терс коменттерди жазып койсоң эле Ташиев жаман аттуу болуп калбайт, азыр эл сен ойлогончолук дурак эмес
-2
Birimdik5555
2021-04-01 23:07:11
Бул аксакал коркуп атат окшойт,алдын ала эле раса чырылдаптыр го
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан