Бишкекте "Боорукер жүрөк" аттуу кайрымдуулук концерти өтөт

19-октябрь күнү Бишкектеги Спорт Ордосунда "Боорукер жүрөк" аттуу кайрымдуулук концерти өтөт. Концерт Борбор Азиядагы Америка университетинин, Кыргыз улуттук университетинин, КРнын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери тарабынан уюштурулууда. Уюштуруучулардын айтымында, концерттен түшкөн каражатка М.Миррахимов атындагы улуттук терапия жана кардиология борборуна "дефибриллятор" медициналык жабдуусу алынат. Концертке Ассоль Молдокматова менен Эркин Рыскулбеков алпаруучулук кылат. Белгилүү эстрада ырчылары, "Тамашоу" командалары катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан