Мындан ары Өзбекстандын телекоммуникация же интернет тармактарына президент Шавкат Мирзийоевди кемсинткен, жалаа жабуу иретинде айтылган маалыматтар жарыяланбашы керек. Ал үчүн жаранга 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул норма Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө камтылган.
"30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев ушул беренени ишке ашырган "Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Кодекс ошондой эле жарандарды коомдук тартипсиздикке жана зомбулукка чакыргандыгы үчүн жоопкерчиликти карайт", - деп айтылат маалыматта.