Индияда Холи фестивалы 28-мартта башталган. Коомдук жайларда топ-тобу менен жүрүүгө тыюу салынганына карабастан, өлкөнүн тургундары көчөлөргө агылып чыгышты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттарында жазылууда.
Алар бири-бирине түстүү боёкторду чачып, сууларды куюп майрамды белгилешти. Тургундардын массалык түрдө көчөгө чыгуусунан тыгын жаралып, жыйынтыгында 41 адам каза болуп, 38 адам жаракат алышты.
Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө 5 айдан бери вирус жугузгандардын саны кескин түрдө көбөйгөнүн маалымдады. Дүйнөлүк статистикага ылайык, Индия дүйнө жүзү боюнча эң көп ооруга чалдыккан үчүнчү өлкө жана вирустун айынан өлүмгө учурагандардын саны боюнча төртүнчү орунда турат.
Индиялыктар Холи фестивалында кышты узатып, жазды тосуп алышат. Майрамга карата алар ар кандай диний ырым-жырымдарды жасашат. Бул күндөрү адамдар бири-бирине түстүү боёкторду чачышып, көңүл ачышат. Холи майрамын белгилөө негизинен Индияда, Непалда жана Шри-Ланкада өтсө дагы, бүгүнкү күндө индиялыктар аркылуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жайылган.