"Антибиотик алып каза болду". Министрлик Жалдагы балдар ооруканасында көз жумган кишинин өлүмү иликтенерин айтты

Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылган бейтап каза болду. Окуя түндө орун алганы, бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып антибиотик алгандан кийин көз жумганын "Кактус" маалымат каражаты жазып чыкты. Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан окуяны тастыкташты.

Учурда бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзүлөт дешти министрликтен.

Алдын ала маалыматка ылайык, болжол менен 45 жаш чамасындагы жаран аталган оорукананын ЛОР бөлүмүнө кайрылган. Бейтап жандандыруу бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Кийинчерээк жерине милиция кызматкерлери чакыртылып, маркумдун жансыз денесин өлүкканага алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-04-01 12:16:35
Негизи медиктерден кетет туура эмес укол сайып коёт
+2
JaneEr
2021-04-01 14:03:18
Может реакция жургондур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан