"Мен анын этин жеген эмесмин". Казакстанда 19 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жарандын көрсөтмөсү

Буга чейин Казакстандын Алматы шаарында 19 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү көпчүлүктүн үрөйүн учурган. Окуя 19-март күнү болгон.

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, 19-мартта кыз жумуштан чыгып, ошол бойдон жашаган жерине кайтып келген эмес. Алгач аны жигити издеп баштаган. Ал кыздын туугандарына кабарлап, анан полицияга кайрылышкан.

Кыздын өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө эле "мен кыздын этин жеген эмесмин" деп билдирген.

"Кылмыш жасалган батир шектүүнүн байкесиники. Маркум кыздын денесинин бөлүктөрү жана ички органдары муздаткычта жана баштыктарда болгон. Мындан сырткары муздаткычта кыздын териси да бар болгон. Шектүү терисин сыйрыган экен. Кыздын денесинин бүт бөлүктөрү табылган жок, анткени шектүү алардын кайсы бир бөлүгүн таштандыга ыргытканга жетишкен", - деп билдирген подполковник Рустам Абдрахманов.

Экспертизанын алдын ала жыйынтыктарынан шектүү кылмышты кылып жаткан маалда өзүнүн кылып жаткан ишине жооп бере турган абалда болгону, башкача айтканда ал психикалык жактан жабыркабай турганы белгилүү болгон.

"Шектүү Куранды жакшы билет экен. Мындан ары да Ислам динин изилдегиси келерин билдирди. Сурак учурунда шектүү өз жазасын өтөп бүткөндөн кийин өзүнүн кылган катачылыктары тууралуу айтып, жаштарды дин жолуна чакырып, эч качан мындай ишке барбоого чакырарын айтты", - деген өз маегинде Абдрахманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jibakana
2021-04-01 16:49:54
Турмодон чыгабы?муну вообще олум жазасына кетириш керек, вообще чыккандан кийин элге кантип аралашат?
+7
Shokoladka94
2021-04-01 17:23:19
Куранды түшүнсөң кыздын колун кармабайт элең
+4
nur1813
2021-04-01 17:38:34
Тооба акыл эси жайында болсо адам да ушунчалык мыкаачы болобу
+5
Gulipa
2021-04-01 18:15:00
Жиндин атасы кирип алса керек ичине,тообо
+3
Ozgocho111
2021-04-01 18:39:49
Тообо.. соз жок жырткычка
0
nazira...
2021-04-01 19:10:07
Казактардын көбү эле мыкаачы келет окшойт дейм да.
+5
Haanykeim
2021-04-01 20:47:32
nazira...,мурунтан эле айтылган казактар мыкаачы деп.
+2
Erlan_95
2021-04-02 00:23:13
nazira..., Кыргыздарда деле болгон мындай окуялар
+2
Rachki
2021-04-01 19:14:38
Шумдук.
+1
Afrodita1993
2021-04-02 09:06:43
Кыз казакпы
0
Afrodita1993
2021-04-02 09:07:59
Эшек мыкаачылык мн адам өлтүргөнү аз келгенсип курандыда аралаштырып өлүп кетиптир
+2
Nursul
2021-04-02 11:56:32
Тообо терисин сыйрып алганын, бул адам жөнөкөй адам эмес морг.то иштебейт болду бекен себеби ал жактагылар адамды мал сойгондой эле союшат ко.
0
zinza.girl
2021-04-02 11:57:24
Он реально психопат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан