Ырчы Марс сүйүктүүсүнүн колун сурады. Тойдун датасы жакында белгилүү болот

"Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү, "Шаардык кыз Аида..." деп обон созгон ырчы Марс сүйүктүүсүнүн колун сурады. Орозодон кийин баш кошууну пландап жаткан ырчы менен байланышканыбызда, сүйүктүүсү тууралуу буларга токтолду.

"Сүйлөшкөн кызымдын аты Мээрим, жашы 26да. Сулуулук жаатында иштейт. Экөөбүздүн таанышып, мамиле курганыбызга 1 жылдай болуп калды. Тагыраагы, былтыр карантин учурунда Ысык-Көлдөн келе жатканда таанышып калганбыз. Жакында эле колун сурадым, эми ата-энелерибиз таанышып, сүйлөшүшөт. Тойдун датасы сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү болот", - деди ал.

Ырчы 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarnew
2021-04-01 16:46:10
Бул ким эле??
0
zhazgul98
2021-04-01 16:56:05
Сулуу экен суйуктуусу. Кыздар сулуу болуп, озунорго карагыла. Чачынарды кое берип сулуу болуп журо бергиле
-2
mira28
2021-04-01 18:37:55
zhazgul98,тажабай бир созуну кайсы тема болбосо жаза бергенине тан калам.Озун дайыма чачыны жазып сулуу болуп журосунбу?
+2
Alinur96kg
2021-04-01 18:20:19
Чачын койо берсе эле сулуу болуп калат бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан