Буга чейин Аксыда 7-класстын окуучусу көз жаргандыгы тууралуу жазганбыз. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн катчысы Самара Азимбаева окуучу кызды ата-энеси ооруканага сокур ичеги деп алып баргандыгын билдирди.
"Кыз мектептин алдыңкы окуучусу, классында класском болгон. Мугалимдери таң калып жатат. Себеби ичи такыр билинген эмес экен. Ар кандай маданий иш-чараларга катышып, ырдап, бийлеп эле жүрүптүр. Кечээ ичи ооруганынан ата-энеси сокур ичеги болуп калган окшойт деп ооруканага алып барышса, дарыгерлер кош бойлуу деп чыгарып, ичи толготуп жаткандан улам ооруп жаткандыгын айтышкан. Кыз 2007-жылы төрөлгөн. Жети бир туугандын экинчиси. Айылдагы үлгүлүү эле үй-бүлөлөрдөн болчу. Апасы жакында эле көз жарган", - дейт Азимбаева.