Бишкек - өлкөбүздүн жүзү! Жүрөгү! Экономикалык, маданий ордосу! Тилекке каршы, дал ошол борбор шаарыбыздын айланасындагы жаңы конуштардын кейпи өтө эле кейиштүү абалда. Жарым миллиондон ашык калкы бар бул конуштар «тагдырдын өгөй балдарындай» болуп, кайсы бийлик келбесин ар дайым көңүл сыртында калып келет.
Түптөлгөнүнө 30 жыл болсо дагы жаңы конуштун жашоочулары таза суу, газ, үзгүлтүксүз электр жарыгы, канализация сыяктуу цивилизациянын жөнөкөй эле баалуулуктарына жетпей келишет. Асфальт эмес, шагыл төгүлгөн жолго зар болуп, баткакка белчесинен батканын кантип жашырабыз? Миңдеген үйлөрдүн документи жок! Он миңдеген жаңы конуш тургундары балдарын бала бакча, мектепке киргизе албай, ооруса ооруканага кайрыла албай, өз өлкөсүндө өгөйлөнүп жашап келишет.
Бишкек шаарынын бюджети каралганда жаңы конуштарга арзыбаган эле акча бөлүнүп келгени, алардын маселесин чечүүгө шаар бийлиги кызыкдар эмес экени - учурдун ачуу чындыгы.
Мындай теңсиздикке «Ишеним» партиясы макул эмес. Биздин партиянын программасында Бишкек жана жаңы конуштар бирдиктүү аймак катары каралып, жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүүнүн кескин чараларын сунуштадык. Жаңы конуш тургундарынын кайгысы, азабы биз үчүн жөн эле сөз эмес. Партиянын курамын бекитүүдө да дал ошол жаңы конушта жашаган, активдүү жарандык позициясын билдирип, ал жактагы маселелерди көтөрүп жүргөн адамдарды чогултканбыз. Көп жылдан бери бул көйгөй менен алышып келген «Үй куруучулар» партиясы менен бириккенибиздин себеби да дал ошого байланыштуу. «Үй куручуулардын» активдүү өкүлдөрү Саадатбек Кусегенов, Съездбек Таштакеев, Айзада Асангазиева, Алишер Тентимишов, Жайнагүл Калчаева, Саида Турдубековалар бүгүн «Ишеним» партиясынын желегин желбиретип, жаңы конуштагылардын жашоосун жакшыртабыз деп жан үрөп жүрүшөт. Алар буга чейин депутаттык мандаты жок эле эл үчүн иштеп келишкен. Документи жок 8 миңден ашык үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча чоң ишти баштап, Бишкектин 4 районунда атайын комиссия түзүшкөн. Ар бир үйдү инвентаризациядан өткөрүп, он миңдеген адамдардын алкышына арзышкан.
Жаңы конуштагылардын жашоосун жакшыртуу - «Ишеним» саясий партиясы үчүн куру сөз эмес. Бул көйгөйдү биз, конкреттүү адамдар ойлонуштурулган конкреттүү кадамдар менен чечебиз.
«Ишеним» - кесипкөй адистерден куралган профессионалдардын партиясы!
№7 – элден чыккан, элдик партияга добуш бериңиз!
Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, "Ишеним" сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна тарабынан төлөндү.