Түркмөнстанда мечиттерге барууга тыюу салынган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ага ылайык, мечиттерге бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап бара берсе болот. Түркмөнстанда мечиттерге барууга чектөөлөр 2020-жылдын 13-июлунда жугуштуу оорулардын жайылышынын алдын алууга байланыштуу киргизилген. Мындай чечим Түркмөнстандын Ооруларды көзөмөлдөө боюнча чукул комиссиясы тарабынан 2020-жылдын 26-августунда кабыл алынган.