Кыргызстанда эхинококкоз оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин билдиришинче, былтыркы жылга салыштырмалуу бул илдеттен жабыркагандардын саны 9 пайызга көбөйдү. Быйыл 789 киши катталса, 2012-жылы 716 кишиде аталган оорунун бар экени аныкталган. Илдетке кабылгандардын саны боюнча Ош жана Бишкек шаарлары алдыда.