Брюсселде 1-апрелде музыкалуу фестиваль болот деген тамашалуу жалган маалымат массалык баш аламандыкка алып келди

1-апрель тамашасы Брюсселдеги "Бойс де ла Камбре" сейил багында массалык башаламандыкка жана полиция менен адамдардын кагылышуусуна алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Брюсселде март айынын башынан бери социалдык тармактарда 1-апрелде "Бой-де-ла-Камбре" шаардык сейил багында музыкалык фестиваль өткөрүлөт деген маалымат тараган. Маалыматта иш-чарага Европанын ар кайсы бурчунан келген 200дөн ашуун ди-джей, ал тургай Лондондон, Парижден жана Амстердамдан коноктор келери, ошондой эле көрүүчүлөр үчүн акысыз болору айтылган. Бирок жарыяларда бул тамаша деген бир катар ишараттар камтылган. Мисалы, фестивалдын датасы 1-апрель, иш-чара карантин учурунда өтүп жаткандыгы жана аткаруучулардын аттарында Бельгиянын белгилүү министрлеринин жана саясатчыларынын ысымдары аталган.
Бирок көпчүлүк эл иш-чаранын болоруна ишенип алышкан. 1-апрелде сейил бакка беш миңден ашуун адам чогулуп концерттик жайларды таппай, чогулгандар борбордук аянтка топтошуп, өз алдынча майрам уюштура башташкан. Көп өтпөй полиция кызматкерлери барып элдин мындай иш-аракетин токтотуп, тарап кетүүсүн талап кылышкан. Бирок эл эркиндикке байланыштуу ураандарды көтөрүп чыгып, полиция кызматкерлерин бөтөлкө жана идиштер менен уруп-сабашкан.

Кийинчерээк, полиция кызматкерлери аларга суу чачып, сейил бактан чыгара башташкан. Натыйжада укук коргоо органдары менен элдин ортосунда кагылышуу орун алган. Ал тургай бир нече адам камакка алынды. Азырынча саны белгисиз. Ошондой эле арасында жаракат алгандары да бар деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан