Тайванда поезд кырсыкка учурап, 40 адам каза болуп, 61 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө Хуалянь округундагы тоннелде болгон. Поезд 350 жүргүнчүгө ылайыкталган сегиз вагондон турган. Экинчи жана үчүнчү вагондор рельстен чыгып кеткен. Ал эми төртүнчү жана бешинчи вагондор катуу жабыркаган.
Полиция кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, поезд тоннелдин ичинде бара жатып, жолду таштардан тазалаган шаймандарга урунуп кырсыкка учураган.