Буга чейин ырчы Анжелика гив уюштуруп, жеңүүчүгө батирдин ачкычын тапшырган. Бул окуядан кийин ырчы шайлоо эрежесин бузганы болжолдонуп, атайын топ текшерүү ишин баштаган.
Бүгүнкү күндө текшерүү иштери жыйынтыкталып, укук коргоочулар Анжеликанын уюштурган гивинде мыйзам бузуу болбогонун аныкташып, иш каттоодон алынды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов тарабынан белгилүү болду.
"Укук коргоочулар ырчы тарабынан уюштурулган гивден эч кандай мыйзам бузууларды тапкан жок. Мындан улам биз эч кандай чечим кабыл алган жокпуз", - деди ал.
Белгилей кетсек, Анжелика "Наш народ" партиясынан шаардык кеңешке талапкер болууда. Ал үгүт иштери башталганга чейин өзүнүн Инстаграм баракчасында түз эфир кылып, катталуучулар арасында батирди утушка койгон. Мындан улам талапкер Анжелика "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 28-бөлүмүн бузган деп
божомолдонгон.