Буга чейин Орусиянын Благовещенск шаарындагы ооруканалардын биринде өрт чыгып, ага карабастан бейтаптын жүрөгүнө жасалып жаткан операция уланып жаткандыгы
маалымдалган.
Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкканына таянсак, азыркы тапта өрт чектөөгө алынып, ал эми операция ийгиликтүү аягына чыкты.
"Жалпы 1 миң 600 чарчы метр жер күйүп кеткен. Алдын ала божомолдор боюнча, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан. Ооруканадан жалпы 120 адам эвакуацияланган. Ал эми өрт чыкканга чейин башталып калган операция уланган. Анда 1 бейтап жана операциялык бригададагы 8 адам бар болгон. Операция аягына чыгып, бейтап башка клиникага которулду", - деп жазылат маалыматта.