SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал Нарын облусунун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы мектептин абалы мышык ыйлагыдай экенин айткан.
Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, аталган мектептин окуучулары учурда онлайн окуп жатканын билдиришти.
"Омор уулу Кожоке атындагы мектеп авариялык абалда болгондуктан, окуу процесси онлайн форматта болмокчу. Азыр жергиликтүү билим берүү башкармалыгынан бизге түшкөн маалыматына караганда, Нарын районунун акими бул көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бирок окуучулар тургундар тарабынан тигилген боз үйдө окушкан жок. Бардык окуучулар онлайн форматта окуп жатышат", - дешти аталган министрликтин басма сөз кызматынан.
Ал эми Нарын районунун акими Алтынбек Сенирбаев Ак-Кудук айылындагы авариялык абалдагы мектептин ордуна курула турган жаңы мектепке мамлекет тарабынан эки миллион сом бөлүнгөнүн, учурда пайдубалы гана курулганын айтып өттү.
"Бул маселе боюнча аталган мектепке барып жеринде таанышып келдик. Эки күн мурун Сейсмология институтунан дагы адистер келип текшерип кетишти. Алар 8 күн ичинде жыйынтыгын чыгарып беришет.
Мектептин курулуш иши боюнча район, облус, жергиликтүү кеңеш тарабынан өкмөткө байма-бай кат жазып жөнөтүп келебиз. Бирок каражаттын тартыштыгынан акча бөлүнбөй келет. Ошол үчүн иш токтоп турган. Мектептин сметалык суммасы 59 миллион 239 миң 900 сом. Мамлекет тарабынан 2 миллион сом гана бөлүнгөн.
Учурда мамлекет тарабынан курулуп жаткан курулуштардын 70 пайыз бүткөндөргө толук бүтүрүү үчүн өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Мындан тышкары Нарын районунда дал ушул сыяктуу жыгач менен салынган абалда жети мектеп бар. Алардын баары мамлекеттин тизмесине кирген эмес. Ал эми Омор уулу Кожоке атындагы мектеп мамлекеттик тизмеге кирген. Пайдубалы тургузулган, кийин каражат бөлүнбөй курулуш иши токтоп калган. Кандайдыр бир себептерден пайдубалында жаракалар пайда болгонун барганда көрдүм", - деди Алтынбек Сенирбаев.
Ошондой эле аким Омор уулу Кожоке атындагы мектептин абалындагыдай мектептер бар экендигин айтып, бирок ал мектептерде окуучулар окуп жатканын билдирди. Мындан сырткары комиссия түзүп, ал мектепти текшерүү жүргүзгөндөн кийин окуучуларды кайрадан аталган мектепке окуу процессине тартуу пикирин кошумчалап өттү.
"Чындыгында мектеп авариялык абалда деп табылган. Бирок бизде ушул сыяктуу жети объект бар. Ал мектептерде окуучулар окуп жатышат. Анан акыркы чечим мектепти комиссия кайра барып көрүп, кулап калбаса эле окуу процессин улантууну сунуштайбыз. Эми айла жок, балдар кайда барып окушат? Онлайн окуу билим сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Анан ал айылда интернет жакшы тартпайт деп дагы жатышат. Жоопкерчиликти алып, ал мектепке кайра окуучуларды окутсакпы деп жатабыз", - деп кошумчалап өттү аким.