Баткен облусунда контрабандалык жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде УКМК тарабынан чек ара аймактарындагы аткезчилик каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Баткен облусунун Лейлек районунда жемиштердин контрабандалык жүктөрү салынган унаа алынды.
"Жалпы көлөмү 3 тоннаны түзгөн лимон түрүндөгү контрабандалык жүктөр Кыргыз өлкөсүнө сатуу үчүн тиешелүү документтерсиз коңшу республикадан мыйзамсыз келген. Учурда иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда", - деп билдиришти атайын кызматтан.