2-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын кезектеги жыйынында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин курулуш, жол жана инфратүзүмдү жакшыртуу багытында 2020-жылы жасаган иштери талкууга алынып, 2021-жылы мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Эмил Токтошев көп жүк жүктөп алган унааларга эч кандай чара колдонулбай жатканына токтолду. "Оор жүктөн улам жолдорубуз талкаланууда. Андыктан, автоматташтырылган көзөмөлдү киргизүү керек", - деди ал.
Ал эми депутат Шайлообек Атазов Төө-Ашууда жаралып жаткан көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. "Сосновкадагы унаа өткөрмө жайынан эле түшкөн каражат менен жолду оңдоп, тоннелди калыбына келтирсе болот. Бирок андай алгылыктуу иштер жасалбай жатат", - деди.