Samsung компаниясы эки жерге бүктөлө турган смартфондун үстүнөн иштеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Samsung буга чейин Galaxy Z Fold жана Galaxy Z Flip смартфондорун чыгарган, алар экрандын ичине карай бир жерге бүктөлөт, ал эми алардын өлчөмдөрү ар башка. Жакында Galaxy Z Fold 3 аталышында эки жерге бүктөлө турган смартфон чыгарат.
Учурда Samsung мындай смартфондун эки вариантын карап жатат. Биринчи варианты терезелердеги жапкычтар кандай принцип менен жабылса, ийкемдүү экран толугу менен ошол сыяктуу жашырылган, ошондуктан сыртта эскертмелер үчүн кошумча экран талап кылынат.