Ош. Облуста акыркы суткада 3 өрт кырсыгы катталды

Акыркы суткада Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталды. Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылынын тургуну Ш.Абдуваевге таандык аянты 91 чарчы метр болгон сарай жана жыйылып турган чөбү күйүп кетти. Кара-Суу районунун Октябрь айылынын жашоочусу Х.Айтикеевге таандык 2 кабаттуу курулуштун чатыры өрттөндү. Ал эми Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө  5 гектар чөп жайыт күйүп кеткен. Өрт кырсыктарынын келип чыгышы жана чыгымдары такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан