Түркияда акыркы сутка ичинде коронавирустун максималдуу көрсөткүчү катталды. Тактап айтканда, 1 сутка ичинде 42 миңден ашуун адамдан бул илдет аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде COVID-19 илдети 42 миң 308 адамдан аныкталган. Анын ичинен 1471 адам ооруканага жаткырылса, 2182 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Каза болгондордун саны 179 адамды түздү.
Пандемия башталгандан бери Түркияда жалпы 3 миллион 400 миң адам бул илдетке кабылган. Алардын ичинен бул илдетти жеңгендердин саны 3 миллиондон ашуун. Каза болгондордун саны 31 миң 800 адамды түзгөн. 29-мартта өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу коменданттык саатты күчөтөрүн билдирген. Бул өлкөдө "кызыл зонага" Стамбул, Анкара, Анталья, Измир шаарлары кирген.