Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн. Аргентинанын президенти коронавирус жуктуруп алды

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу өзү 3-апрелге карган түнү Твиттердеги баракчасына жазган билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бүгүн дене табым 37,3тү көрсөтүп, башым ооруганынан коронавируска тест тапшырып оң жыйынтык алдым", - деп жазган ал баракчасына. Ошондой эле өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлердин көрсөтмөсүн аткарып, обочолонууда экендигин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, январь айында 62 жашка чыккан Альберто Фернандес орусиялык Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-03 15:29:11
Эми Спутник деп макташып корушсун дагы!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан