Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында 7 унааны жүктөп келе жаткан Трал өрттөнүп, унаалар толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат түнкү саат 00:00 чамасында келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
Оор жүк ташуучу унаадан чыккан өрт саат 01:05те чектөөгө алынып, толугу менен саат 01:48де өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.