Өзбекстанда калкты коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы күнүндө 5000ден ашуун адам эмдөөдөн өттү

Өзбекстанда калкты коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы күнүндө 5018 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 3147си медициналык кызматкерлер, 1871и жашы 65тен өткөн жарандар. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазышты.

"Эмдөөнүн алгачкы этабында медициналык кызматкерлер, жашы 65тен өткөн жарандар жана вирус жуктуруп алуу коркунучунда иштеген кызматкерлер бекер эмдөөдөн өтүшөт. Бүгүнкү күндө AstraZeneca жана кытай-өзбек өндүрүшүнө таандык ZF-UZ-VAС2001 вакцинасын тандоого болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан