Бишкек шаарында бир апта ичинде 5 миң 582 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-марттан 1-апрелге чейин Бишкек шаарынын аймагында 5582 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
1) Мас абалында автоунаа башкаруу - 59;
2) Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -15;
3) Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 88;
4) “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар - 113;
5) Башка жол эрежелерин бузуулар - 5307;
6) 502 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.