
Кытай өлкөсүнө COVID-19га каршы 136 миллион 68 миң доза вакцина киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытай ишемби күнү COVID-19га каршы 136,68 миллион доза вакцина колдонду. Бул 133,8 доза вакцина берилген жума күнгө салыштырмалуу болжол менен 2,88 миллион дозага көп. Кытайда COVID-19га каршы эмдөө өткөн жылдын декабрь айында башталган.
Кытай Эл Республикасы "Синофарм" вакцинасын колдонот, ал өткөн жылдын декабрь айында жактырылган. Ал эми "Sinovac" компаниясынын вакцинасы - Кытайда чыгарылган, дары-дармектердин регулятивдик макулдугун алган экинчи дары. CanSino вакцинасы Кытайдын аскер кызматкерлеринин арасында эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилген.